Майрамдык салтанат
Ноокат районунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдык маарекесине жана ак калпак күнүнө карата салтанатту иш чара болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чара Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулуп, 3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдык маарекеси жана 5-март Ак калпак күнү белгиленди.
Райондун аймагындагы мекеме- ишканалар жана жергиликтүү өз алдынча башкару органдарынын кызматкерлери ошондой эле райондун тургундары катышып, райондун борбордук көчөсүндө жөө жүрүш өткөрүлдү.